Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Новак Жокович Уимблдондогу турнирде үчүнчү жолу жеңди


Новак Жокович Австралия Опен турниринде. Мельбурн шаары, 28-январь 2015.
Новак Жокович Австралия Опен турниринде. Мельбурн шаары, 28-январь 2015.

Сербиялык теннисчи 12-июлдагы таймашта швейцариялык Роджер Федерерди 7-6, 6-7, 6-4, 6-3 эсеби менен утту. Беттешүү үч саатка чукул уланды. Лондондогу таймашта Федерер утса, Уимблдондогу мелдешти сегизинчи мертебе жеңмек. Бул Жокович менен Федерердин 40-жолку беттешүүсү. 28 жаштагы Жокович муну менен Чоң туулга сериясындагы мелдеште тогузунчу кубокту жеңди. 33 жаштагы Федерер Чоң туулга мелдешинде 17 ирет жеңишке жеткен.

11-июлда аялдар арасындагы финалдык оюнда америкалык Серена Уильямс испаниялык теннисчи Гарбин Мугурусуну жеңип, алтынчы жолу Уимблдон кубогун уткан.

XS
SM
MD
LG