Саудия баштаган коалициясынын аба күчтөрү 13-июлда Йемендин борбору Санага урган соккудан 21 жаран курман болду. 45 адам жараат алды. Бул маалыматты жергиликтүү тургундар жана медиктер тастыкташты. Аба чабуулу Улуттар уюмунун арачылыгы менен жетишилген гуманитардык элдешүүдөн эки күндөн кийин болду. Алты күндүк элдешүүнү Сауд Арабиясы тааныган эмес.
Иран колдогон хусит козголоңчулары менен алардын союздаштарынын Аден жана Лахж провинциясындагы өңүттөрүнө да абадан чабуул урулганын аскерий булактар тастыкташты.
10-июлда Улуттар уюму Йеменде эң бийик 3 даражадагы гуманитардык абал жарыялап, калкынын теңине жакыны азык-түлүккө муктаж деп билдирген.
Мартта Саудия башындагы коалиция шиит хуситтерге каршы баштаган авиачабуулда бүгүнгө чейин 3 миңден ашык йемендик өлдү. 1 миллиондон көп адам бозгун болду.