Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Соңку күндөрү атайлап жарактан чыгартылган купюра же монеталар Улуттук банкка көп түшүүдө. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргызстандыктардын улуттук валютага карата аяр мамиле жасоо маданиятынын жоктугунан улам банкноттор маалымат жазуучу же телефондук китепче, рецептик баракча, жарнама, кээде сүйүү тууралуу ыр саптарды түшүрүүчү барак катары да колдонулуп жатат. Менимче, сомго карата шалаакы мамиле жасоо менен жарандар өздөрүнө, өз өлкөсүнө болгон мамилесин көрсөтүп жатышат”, - дейт Улуттук банктын Эксперттик бөлүмүнүн жетектөөчү эксперти Эмил Курманалиев.

Ал сомду чыгарууга, жараксыз акчанын ордун жаңы банкнот жана монеталар менен алмаштырууга мамлекеттин көптөгөн каражаты кетерин эскертти.

Маалыматта жарактан чыккан, бирок 80 пайыздан көп аянты сакталуу болгон акчаны бардык коммерциялык банктардан алмаштырып алууга болору белгиленет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG