Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Түркияда Сирияга бараткан тажикстандыктардын чоң тобу кармалды


Ирак жана Сирияда жихадчылардын катарында согушуп жүрүп өлгөн тажиктердин бири - Заир. Бул видеотасма ИМ тарабынан Ютубда алгач 19-февралда жарыяланган.

Ирак жана Сирияда жихадчылардын катарында согушуп жүрүп өлгөн тажиктердин бири - Заир. Бул видеотасма ИМ тарабынан Ютубда алгач 19-февралда жарыяланган.

Түркия - Сирия чек арасында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы бараткан 25 тажик жараны кармалды. 12-июлда Газиантеп шаарынын автостанциясында кармалгандардын көбү тажикстандыктар экенин Түркиянын массмедиасы кабарлады. Тажикстандын Анкарадагы элчисинин жардамчысы Түркиянын бийликтери элчиликке бул окуя тууралуу расмий маалымат бербегенин “Азаттык” радиосунун тажик бөлүмүнө билдирди.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, соңку үч күндө Түркияда Сирияга өтүп, жихадчыларга кошулмак болгон 45 чет элдик кармалган.

Расмий Душанбенин билдиришинче, Сирия жана Иракта тажикстандык 312 жаран согушуп жүрөт. Ал жактагы согушта 100 тажик жараны апаат болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG