Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Евромейкиндиктин лидерлери Грецияга насыя берүү боюнча келишимди жактырышты


Еврогруппанын төрагасы Эрон Дейсселблум евромейкиндиктин финансы министрлеринин Грециядагы абалды талкуулаган жыйынын баштоодо. Брюссель, 13-июль 2015

Еврогруппанын төрагасы Эрон Дейсселблум евромейкиндиктин финансы министрлеринин Грециядагы абалды талкуулаган жыйынын баштоодо. Брюссель, 13-июль 2015

Насыя өлкөнү дефолттон сактап калуу жана Грециянин евромейкиндиктеги ордун жоготпоосу үчүн зарыл.

Келишимде көрсөтүлгөндөй, грек парламенти 15-июлда экономиканын негизги тармактарын реформалоо боюнча мыйзамды кабыл алыш керек.

Реформа пенсия системасын оптималдаштырып, салыктардын өлчөмүн көбөйтүп, эмгек рыногун либералдаштырып, электр энергетика тармагын менчиктештирип, дүкөндөрдүн жумуш убактысын узартууга тийиш.

Греция келишимди кандай аткарганын Европанын Борбордук банкы жана Европа монетардык союзунун министрлери көзөмөлдөйт.

Премьер-министр Алексис Ципрастын айтымында, Брюсселде мүмкүн болгон эң мыкты келишим түзүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG