Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15

АКШнын вице-президенти Жо Байден Орусия кандай жол менен болсо да Украинадагы чыңалып турган абалды күчөтүүгө аракет жасап жатканын айтты. Ал мындай пикирин дүйшөмбү күнү Киевде украин-америка бизнес-форумунда бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушкан учурда билдирди:

- Орусия Украинанын стабилдүүлүгүнө жана эгемендигине доо кетирүү менен алек. Москва Киевдин экономикалык өсүүсүн солгундатып, өлкөнү кыйын абалга түртүү үчүн бардык чараларды колдонууда. Бирок биз бул стратегиянын ишке ашышына жол бербейбиз.

АКШ бийлигинин өкүлү айткан сөздөрүн Украинанын чыгышына Орусия тараптан жалданма аскерлер жана оор техника тынбай келип жатканы тастыктарын кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG