Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Талас: Жасалма дипломдуу милиционерлерге кылмыш иши козголду


Талас облусунун Манас жана Кара-Буура райондук ИИБинде жасалма дипломдун арты менен иштеп жүргөн мурдагы милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, М.М. жана Н.М. аттуу эки адам КУУнун “Финансы жана кредит”, КГУСТАнын “Жол кыймылын уюштуруу” адистиктери тууралуу жасалма дипломдун негизинде ишке алынып, үч жылга жакын милицияда иштешкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, алар аталган окуу жайларда окубагандыгы аныкталып, "алдамчылык" жана "жасалма документ жасоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Териштирүү жүрүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG