Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Тартип сакчыларынын тартипсиз жосундары


Кыргыз милициясы
Кыргыз милициясы

"Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы бул ирет тартип сакчыларынын ортосундагы тиреш, алардын жосунсуз жоруктары тууралуу баяндайт.

2008-жылы октябрда Каржы полициясындагылар пара алып жаткан МАИчилерди кармап, алардын кабинеттерин да текшермекке МАИ кызматына келип, кайра чыгып баратканда шлагбаумду ачпай, кармашат. Бул арада арттан чуркап келген формачан 70тей МАИчи финполчуларды көптөп төпөштөшкөн. Айрымдарынын мээси чайкалып, ооруканага жатып чыгышкан. Окуя боюнча үч кылмыш иши козголуп, бирок, кийин тараптар элдешип, бас-бас болгон.

Тартип сакчыларынын тартипсиз жосундары (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:18 0:00

Бул окуяны баян эткенибиздин себеби, андан бери жети жыл өтсө да, ал окуядан сабак алынбагандыгында. Андан бери 2013-жылы бул сыяктуу төбөлөшмөйлөр ИИМ менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда болуп, ок атуу менен коштолгон, учурда териштирүү уланууда. Андан кийин жол коопсуздук кызматкерлери чатакташып, бири экинчисин атып салды.

Тартип сакчыларынын тартипсиз жосундары (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:20 0:00

Өткөн айдын 14-числосунда башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү Адилет Байбосуновдун ортосундагы тиреш да коомчулукта кызуу талкууланган тема болду.

Бишкектин Түштүк магистралындагы окуя, жол кырсыгынан келип чыккан. Түртүшүп, муш жегенден кийин ак футболкачан Бекмамат уулу курал колдонуп, травматикалык тапанча менен каршылашын атып салган. Окуя боюнча Бекмамат уулу камерага сүйлөөдөн баш тартып, телефондон маек берди.

Ошентсе да, эмнеге жалгыз гана мас абалында сүзүп кеткен, бирок, ок жеген адам гана жоопко тартылат да, ок чыгарган адам суудак кургак чыгат деген суроолор коомчулукта жаралбай койгон жок.

Тартип сакчыларынын тартипсиз жосундары (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:09 0:00

XS
SM
MD
LG