Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:39

“Патриоттордун” дагы бир видеосу интернетке тарады


Эки мүнөткө жакын созулган видеодо кыргызча сүйлөгөн балдар өзбекче сүйлөгөн баланы кармап алып, кыргыз кызы менен жыныстык катнашка барганы үчүн суракка алып, уруп жатканы көрсөтүлөт.

Видеонун аягында “экинчи кыргыз кыздарына жолобойм” деген мааниде убадасын алган соң, кое беришкендиктери камтылган. Окуя качан, каерде тартылганы белгисиз.

Интернеттеги талкууда камера сыртындагылар өздөрүн “Патриот” атаган балдар болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Алардын аракеттерин кубаттагандар да, каршы чыгып, бул улут аралык кастыкты тутантат деп пикир калтыргандар да бар.

Жакында эле, 19 жаштагы кызды “башка улуттун өкүлдөрү менен жыныстык катнашта болгонсуң” деп айыптап, балдар ур-тепкиге алган видео тараган. ИИМ аталган тасманы иликтеп жатканын билдирген. Кийинчерээк, кыздын психикалык жактан оорулуу экени жана үйүнөн чыгып кетип издөөдө жүргөнү анык болгон. Бул видеотасма Орусияда тартылганы маалымдалган.

Кыргыз кыздарын башка улуттун өкүлдөрү менен жүрүшүнө каршы чыккан топ 2012-жылы Орусияда пайда болгон. Алар кармаган кыздарын жылаңачтап чечинтип, сабап, суракка алып жатканын тарткан видеосун интернетке таратып келишет. Бул боюнча азырынча эч ким жоопко тартыла элек. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG