Кызмат абалынан кыянат пайдаланып, жарандык активисттен пара сураган Жол коопсуздук кызматынын эки инспектору кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, инспекторлорго кошулуп жарандык активисттер менен чатакты тутанткандардын бири А.Ш. аттуу жаран да кармалып, камакка алынды.
Буга чейин маалым болгондой, жол күзөтчүлөрү Бишкектин көчөлөрүнүн биринде бараткан унааны токтотуп, айдоочудан пара талап кылышкан. Аны активист Болот Ибрагимов видеого тартып, кандай негизде пара талап кылганын сурап жатканда инспекторлордун жанында турган жигит аларды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутат.
Кийинчерээк, анын аты-жөнү Адилет Жунусов экени, жол коопсуздук кызматында штаттан сырткаркы кызматкер болуп иштери айтылган. УКМКнын маалыматында, ал издөөдө жүрөт.
Кийинчерээк артынан кууп жетип, унаасынын номурларын да жулуп алган. Бул окуя коомчулукта катуу талкууга алынууда. (MTo)