Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Ош: Сары-Колот айыл өкмөтүн шайлоо экинчи жолу үзгүлтүккө учурады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Сары-Колот айылынын тургуну Калыкбек Сөлпүев кабарлады.

Анын айтымында, айыл өкмөтүн шайлоого айылдык кеңештин депутаттарынын көбү келбей коюп, кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калган. Сары-Колот айыл өкмөтүн шайлоо 25-июнда да кворумдун жоктугунан болбой калып, бүгүнкүгө экинчи ирет шайлоо күнү белгиленген болчу.

Шайлоолор боюнча эксперт Идирис Кубатбековдун айтымында, айыл өкмөтүн экинчи аракетте шайлай албаган айылдык кеңеш таркатылат. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG