Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

Бишкек шаар соту “Вечерник Бишкек” боюнча Рябушкиндин пайдасына чечим чыгарды


Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкек” басма үйүнө байланыштуу талаш боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, Александр Рябушкиндин пайдасына 388 миллион сом компенсация төлөп берүүнү милдеттендирди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Вечерний Бишкектин” алдындагы “Жаңы Агым” гезитинин редактору Аскер Сакыбаева билдирди.

“Биз гезитте, сайтта, типографияда жана башка кызматтарда иштеген 250дөй киши барып, ысыкка карабай соттун алдында акыйкат чечимди күтүп турдук. Тилекке каршы, соттор мыйзамсыз чечим кабыл алышты. Адилеттик болгон жок”, - деди Сакыбаева.

Сакыбаева эми алар Жогорку Сотко кайрылышарын билдирди.

Буга чейин Рябушкиндин үй-бүлөсү Александр Кимди жана Власенкону сотко берип, алар ээлик кылган “Вечерний Бишкектин” алдындагы “Рубикон” жарнама агенттигинин 2000-жылдан берки кирешесинин жарымын өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Териштирүүгө байланыштуу Ким менен Власенконун мүлктөрү камакка алынган. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG