Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Кытайдын түндүк-чыгышында полиция үч уйгурду жок кылды


Шэнян шаардык полициясы билдиргендей, өлтүрүлгөндөр терроризмге шектелгендер, аларды кармоо маалында уйгурлар бычак менен каршылык көрсөткөн. Андан соң аларга каршы ок чыгарылган. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Окуяда жайкын тургундар жабыркаган жок.

Өткөн аптада Таиланд Кытайга жүздөн ашык уйгурду депортациялаган. Расмий Бээжин алар Сириядагы “Ислам мамлекети” деп аталган радикалдык топко кошулуп кетүүнү көздөшкөнүн билдирген.

Шинжаң-Уйгур автоном облусун жердеген уйгур азчылыгын Кытай бийлиги аймактагы терроризмге жана сепаратизмге күнөөлөп келет. Ал эми уйгур активисттери Бээжин аларды жок жерден каралап, катаал саясат жүргүзүп жатканына даттанышат.

XS
SM
MD
LG