Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Орусияда кулаган Ту-95 учагында эки адам каза тапты


Хабаровск крайындагы Ту-95 бомба таштоочу самолёттун кыйроосунан эки учкуч көз жумду. Тирүү табылган экипаждын дагы беш мүчөсүнүн абалы канааттандырарлык экенин дарыгерлер тастыкташты. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип кабарлды.

Машыгуу учурунда кырсыктаган Ту-95 учагынын төрт кыймылдаткычы тең иштебей калган деп болгонууда. Бул үлгүдөгү самолеттордун учуусу убактылуу токтотулду.

Орусиянын куралдуу күчтөрү жыл башынан бери ушуну менен алтынчы согуштук учагын жоготту. Буга чейин 6-июлда Хабаровск крайында Су-24 бомбалоочу учак кулап түшүп, эки учкучу тең каза болгон. Андан үч күн мурда Краснодар аймагында кыймылдаткычы иштебей калып, МиГ-29 истребители абада жарылып кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG