Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Орусияда курулушта иштеген эки кыргыз жараны мерт болду


Ленинград облусунун Мурино конушунда кабат имараттын курулушунда иштеп жаткан эки кыргызстандык набыт кетти. Дагы бирөө оор жараат менен ооруканага түштү. Жергиликтүү булактар кабарлагандай, мигранттар бийиктен кулап кетишкен. Мерт кеткендердин бири 29, экинчиси 35 жашта болчу. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар мыйзамдуу түрдө “Ласточка” деп аталган курулуш компаниясында иштеп жатышкан эле.

Окуя 14-июлдун кечинде болду. Бүгүн полиция териштирүү иштерин жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG