Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Айыл чарбасына дагы 2,5 млрд. жеңилдетилген насыя берилиши мүмкүн


Айыл чарба тармагын колдоо үчүн дыйкандарга жана малчыларга дагы 2,5 млрд. сомдук насыя берилиши күтүлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Каржы министрлигинин өнөр-жай кредиттери бөлүмүнүн башкы адиси Кылычбек Асеков билдирди.

«Азыр биз суроо-талаптарга карап улам банктарга субсидия берип жатабыз. Биз менен иштешкен банктар жыл аягына чейин айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя беришсе болот. Бүгүнкү күндө 7357 айыл чарба ишмерлери 2,7 млрд .сомдук насыя алышты», - деди Асеков.

Айыл чарбасына 10% насыя ушуну менен үчүнчү ирет берилүүдө. Жеңилдетилген ар бир насыянын үстүнө өкмөт банктарга 10% субдсидия төлөп турат. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG