Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

«Ата Мекен» менен КЭДП шайлоого бир барарын жарыялады


«Ата Мекен» партиясы менен Кыргызстан элдик демократиялык партиясы стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду. Бул тууралуу «Азаттыкка» КЭДПнын лидери Артур Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, эки партиянын кызматташуусуна Кыргызстандагы ички жана тышкы коркунучтар себеп болду.

«Шайлоого бир баруу күндүн талабы. Андан тышкары, терроризм, экстремизм, коррупция, уюшкан кылмыштуулук, миграция жана башка маселелер боюнча «Ата Мекен» менен пикирибиз бир чыкты. Стратегиялык кызматташтык тууралуу документке кол коюлду», - деди Медетбеков.

Депутат Өмүрбек Текебаев жетектеген «Ата Мекен» партиясы буга чейин Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жетектеген «Улуттар биримдиги» партиясы менен да кызматташарын жарыялаган. (МТо)

XS
SM
MD
LG