Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Быйыл Арстанбапка келген туристтер аз


Жалал-Абаддын Арстанбап эс алуу жайына келген туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 50% аз. Бул тууралуу "Азаттыкка" Арстанбап айыл аймагынын башчысы Икрамжан Чолпонов билдирди.

2014-жылы Арстанбаптагы "Турбаза" эс алуу жайына 13 миң киши келсе, быйыл ушул күнгө чейин 3 миңге жетпеген адам эс алган.

Ал эми пансионаттарга былтыр 9,5 миң эс алуучу келсе, быйыл 2 миңге гана жетти. Ал эми чет өлкөдөн 150 турист келген.

"Сезон ортолоп калса да быйыл орозо айына жана элде каражат тартыштыгына байланыштуу эс алуучулар бир топ азайды", - деди Чолпонов.

Арстанбапта үч эс алуу жайы, үч балдар лагери жайгашып, 100гө чукул жеке турак жайлар да кызмат көрсөтөт. Маалыматтарга караганда, өткөн жылы аймакка 100 миңдин тегерегинде адам келген. (RsK)

XS
SM
MD
LG