Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Жалал-Абадда партиялар жармаңкесине алты партия катышты


Жалал-Абад шаарынын "Барпы" театрындагы саясий партиялардын жармаңкесине алты гана партия катышууда.

“Бир-Бол”, “Республика Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП, "Бүтүн Кыргызстан Эмгек” жана “Кыргызстан” партиялары катышса, катышаары белгиленген “Ата Мекен”, “Замандаш” жана “Мекен Ынтымагы” катышкан жок.

Иш-чарада саясий партиялар өздөрү тууралуу маалыматтары камтылган баракчаларды таркатып, келгендерге маалымат беришти. Жармаңкеге 300дөн ашуун адам катышып, таанышуу үчүн келгендер дээрлик жокко эсе.

Партиялардын жармаңкесин ЮСАИД, Эл аралык республикалык институт жана БШК биргеликте уюштурган. Буга чейин мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык облустарында өтүп, Жалал-Абадда жыйынтыкталды.

Кыргызстанда 200гө чамалуу партия бар. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG