Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Иран боюнча келишим АКШда саясатчылар ортосунда талкуу жаратты


Ирандыктар келишимге кол коюлгандан кийин майрамдап жатышат

Ирандыктар келишимге кол коюлгандан кийин майрамдап жатышат

Конгресстеги Республикачылар партиясынын өкүлдөрү жана Демократтардын бир бөлүгү Иран менен алтылыктын ортосунда түзүлгөн ядролук келишимди ишенбөөчүлүк менен кабыл алышты. Республикачылардын өкүлү болгон палатанын спикери Жон Бейнер келишимди “ылайыксыз” деп атап, “Эгер корутунду текст буга чейин бизге белгилүү болгон макулдашуудан айырмаланбаса, анда биз аны өткөрбөө үчүн бардык аракетибизди кылабыз” деп айтты.

“Менде бул келишим аркылуу Ирандын ядролук курал жасоосун токтотуу боюнча терең күмөн саноо бар” деди Сенаттын эл аралык комитетинин төрага орун басары Боб Коркер.

Булар эгер келишим Конгресске келип түшсө, ага каршы добуш беришерин билдиришүүдө. Алар Тегеранга көп мүмкүнчүлүк берилип калды деп ойдо.

Бирок Чалгындоо мекемелери боюнча комитетти жетектеген сенатор-демократ Дайан Файнстайн “шашылыш чечимдерди чыгарууга шашпайлы жана документти терең изилдөө керек, бирок, менимче биз андан жакшыраак болот деп ойлогон эмеспиз” деди.

Ал эми Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон “бул келишим Ирандын ядролук куралын токтотуучу маанилүү кадам болду” деп баалады.

Конгресс 60 күндүн ичинде келишим боюнча угууларды өткөрүшү керек.

Иран жана АКШ, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия Ислам жумуриятынын ядролук программасы боюнча келишимге 14-июлда кол коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG