Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Украинада беш жоокер каза тапты


Украин Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Луганскта беш жоокер курман болду. Маалыматтарга караганда, алар аскердик милдетин өтөп жүрүп, жарылуудан каза тапкан. Ошол эле кезде Луганск облусунун губернатору Геннадий Москаль беш жоокер “кырчылдашкан куралдуу кагылышта” курман болгонун айтты. Милициянын маалымдашынча, Луганск облусунда дагы эки жоокер минаметтон атканда жарадар болушкан. Бул окуялар“терракт” катары иликтенүүдө.

Буга чейин украин аскерлери Донбасста кырдаал курчуганын маалымдап, өткөн бир күн ичинде алардын багыттары жикчилдер тарабынан жүздөй жолу аткыланганын айткан.

Ал эми “Донецк элдик республикасынын” бийликтери, тескерисинче, украин аскерлери алардын багыттарын беш ирет аткылаганын, бир адам каза тапканын билдиришүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG