Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

Хиллари Клинтон Иран менен келишимди колдоду


Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон Иран менен түзүлгөн келишимди колдоорун билдирди. Бирок Тегеран келишимди буза турган болсо, анын шарттары иштей башташы керек. “Тегерандын аракети болушунча түшүнүктүү болушу зарыл: биз эч качан, атүгүл келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин да Иран ядролук курал жасоосуна жол бербейбиз” деди Клинтон.

Ал “Мен президент катары Тегеранды келишимди аткарууга мажбур кылган бардык мыйзамдуу чараларды колдонмокмун” деп кошумчалады.

2008-жылы ошол кезде да Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер болгон Хиллари Клинтон эгер Тегеран Израилге ядролук сокку урса, Иранды жер үстүнөн “жок кылууга” даяр экендигин билдирген. Ал эми мамлекеттик катчы болуп турган кезде Иран боюнча келишим түзүүнү караган узак сүйлөшүүлөрдү жандандырууга демилгечи болгону айтылат.

Иран жана АКШ, Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия Ислам жумуриятынын ядролук программасы боюнча келишимге 14-июлда кол коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG