Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Ош: Көчөлөр республикалык бюджеттин эсебинен оңдолот


Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Абдыкадыров, Навои жана Масалиев көчөлөрү республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов билдирди.

Бул үчүн казынадан 125 млн. сом бөлүнгөн. Ал каражатка Масалиев көчөсү оңдолуп, Абдыкадыров көчөсү кеңейтилет. Ал эми жараксыз абалга келип калган Навои көчөсү быйыл кышка чейин толук асфальтталат.

Премьер-министр Темир Сариев акыркы иш сапары учурунда Ош шаарына союз таркагандан бери биринчи жолу жол оңдоого республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөнүн айткан болчу. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG