Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Аскаровдун сыйлыгы ача пикир жаратты


А. Аскаровдун абактан тарткан сүрөтү
А. Аскаровдун абактан тарткан сүрөтү

АКШнын Мамлекеттик департаменти кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” деп аталган эл аралык кадыр-барктуу сыйлыкты ыйгарды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дароо муну айыптаган билдирүү таратып, Кыргызстандагы улуттар аралык ынтымакка каршы АКШ Мамдепартаменти тарабынан атайын жасалган аракет деп баалады. Айрым эксперттер ТИМдин билдирүүсүн аша чабуу катары баалап жатышат. Июнь окуясына катышкан деген кине менен өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаров 2010-жылдын сентябрынан бери 47-колонияда отурат.

Укук коргоодон - абакка

Өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров АКШнын Мамдепартаментинде сыйлык алары туурасында “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Аскаров өзү абакта болгондуктан анын атынан сыйлыкты Аскаровдун баласы Шерзод Кошмо Штаттарга барып алмакчы. Төлөкан Исмаилова ыйгарылган сыйлыкты укук коргоочуларды кубандырган көрүнүш, акыйкаттыктын үлгүсү деп баалады:

- Биз аябай сыймыктанабыз, анткени биздин тагдырыбыз ушундай. Аябай катуу ооруп жатат ал киши. Тагдырдын оор сыноолорун башынан өткөрдү. Июнь окуясы анын азаттыгын алып кетти.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоо” сыйлыгынын ыйгарылышына кабатырланган билдирүү таратты.

Билдирүүдө ыйгарылган сыйлыкка берилген баа тууралуу министрликтин маалымат жана басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сүйөркулов буларды айтты:

- ТИМ Аскаровдун “Адам укуктарын коргоочу” наамы менен сыйланышын эл аралык терс резонанс чакыруу каражаты катары баалайт. Кыргыз тарап муну өлкөдөгү элдин биримдүүлүгүн бекемдөө процессин жана тынчтыкка шек келтирген фактор катары карайт. Мындай сыйлоолор азыркы күнгө чейин өлкөнүн эли тарабынан чоң эмгек менен ордуна тургузулуп жаткан морт тынчтыкты бузуп, улут аралык кагылышууга алып келиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирет.

ТИМ билдирүүсүндө АКШ Мамдепартаменти тарабынан Аскаровду сыйлоонун дагы бир себебин “Манас” аба майданындагы транзиттик борбордун чыгарылышы жана америкалык миссиянын убактылуу башчысы кылып Ричард Майлздын дайындалышына байланыштырды.

Жураев: ТИМ унчукпаса утмак

Саясат таануучу Эмил Жураев министрликтин билдирүүсүн аша чабуу катары баалап, буга ишара жасоо кажетсиз эле дейт. Анын баамында, Батыш өлкөлөрү менен Кыргызстандын алакасы жакшы нукка түшө албай жатканда Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү орунсуз болду:

- Мындай билдирүүнүн кажети жок болчу, бул Тышкы иштер министрлигинин катачылыгы деп айтмак элем. Азимжан Аскаров боюнча буга чейин деле бир топ сүйлөшүүлөр болгон, дагы бир ирет сөз айтуунун кереги жок. Ал аз келгенсип, Транзиттик борборду, иштеп жаткан элчи Майлзды кошуу дипломатиялык стандартка жатпайт. Унчукпай деле койсо эч нерсе болмок эмес.

АКШ Мамдепартаменти “Адам укуктарын коргоочу” сыйлыгын адам укугун коргоп жатып эрдик көрсөткөндөргө, демократияны орнотууда бийлик тараптан куугунтукка кабылгандарга жыл сайын ыйгарат. Азимжан Аскаровго буга чейин дагы Чехия мамлекетинин, дүйнөлүк журналисттердин, “Бир дүйнө” сынагынын эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктары ыйгарылган.

Темир тор ден соолукту жеп атат

Бул аралыкта укук коргоочулар камакта отурган Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начарлап баратканын айтып, коңгуроо кагышууда. Аскаровдун дарыгери Нурбүбү Курманованын “Азаттыкка” билдиришинче, анын саламаттыгы тез арада толук дарылануу курсунан өтүүнү талап кылат.

- Жылдан жылга начарлап атат. Азыр мына жүрөгү, баш мээсине да доо кетти. Буту-колу ооруп, кулагы начарлап, көзү да жакшы көрбөй абалы оорлоп калды.

Азимжан Аскаров июнь окуясында массалык башаламандыкты уюшутурду, милиция кызматкеринин өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 2010-жылдын сентябрь айында өмүр бою абакка кесилген. 47-колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Аскаров өзү жана эл аралык коомчулук муну акыйкатсыз чечим деп эсептеп, кыргыз бийликтерине байма-бай кайрылууларды жолдоп келатышат. Акыркы маалыматтарга караганда Азимжан Аскаровдун таламын талашкан жергиликтүү укук коргоочулар АКШ Мамдепартаменти ыйгарган “Адам укуктарын коргоочу” сыйлыгын таанууну сурап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылышты.

XS
SM
MD
LG