Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

АКШ Орусияны Наталья Эстемированын өлүмү боюнча кылмышты ачууга чакырды


Укук коргоочу жана журналист Наталья Эстемированын өлтүрүлгөнүнө алты жыл болгонуна тушташ Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жон Кирби Орусия бийликтерин бул кылмышты жасагандарды таап, жоопко тартууга чакырды. Мамдепартаменттин билдирүүсүндө 2009-жылы 15-июлда Наталья Эстемирова Түндүк Кавказда Чеченстандагы адам укугунун бузулушун иликтеп жүргөн кезде уурдалып, өлтүрүлгөнү айтылат.

15 июлда "Мемориал" укук коргоо борбору “Бүтпөгөн тарых: Түндүк Кавказдагы кыйноолор жана жоопкерсиздик” деп аталган көргөзмө ачты. Көргөзмөнү “Кайгыга баткан адам” аттуу чехиялык бейөкмөт уюм уюштурган. Көркөмдөлгөн көргөзмөгө кыйноого кабылган, уурдалган, өлтүрүлгөн, бурмаланган кылмыш иштери тууралуу 12 адамдын окуясы коюлган, анын бири Наталья Эстемированы уурдоо жана өлтүргөн окуя.

XS
SM
MD
LG