Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Премьер Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун ишин сындады


Өкмөт башчы Темир Сариев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун ишин жандантуу маселесин көтөрүп, мекеме жетекчиси Талант Султановго тапшырма берди. 15-июлда Султановду кабыл алган премьер институт мамлекеттик органдардын ишмердигине тиешелүү деңгээлде анализ жасабай жатканын айтып, аналитикалык байкоо жүргүзүү чабал экенин белгиледи.

Сариев институт жетекчилигине кыска убакыттын ичинде экономика, саясат, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу тармактары боюнча илимий долбоорлорду иштеп чыгууну, көйгөйлөрдү аныктап, аны чечүү жолдорун сунуштоону тапшырды. Муну менен катар өкмөттүн аппараты менен тыгыз иштешүүнү буйруду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG