Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Омск: казармадагы кырсыкта каза тапкандардын саны 24кө жетти


Орусия Коргоо министрлигинин маалымдашынча, Омск шаарындагы казарма кыйраган учурда жаракат алган дагы бир жоокер ооруканада каза тапты.

12-июлда Омск шаарынын Светлый конушундагы аба-десанттык аскерлердин окуу борборунун төрт кабаттуу казармасынын бир бөлүгү кыйрап калган. Урандылардын астынан 40тай аскер чыгарылып, алардын 23ү ошол күнү каза тапканы айтылган. Аварияга курулуш ишиндеги техникалык кемчилик себеп болгон деп боолгонууда.

Кырсыкка тиешеси бар деп окуу борбордун башчысы кармалган. Кырсыкка байланыштуу Омск облусу 14-июлда аза күттү.

XS
SM
MD
LG