Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Бакуда укук коргоочу жубайлардын соту башталды


Азербайжанда бүгүн адам укугун коргоочу жубайлар Лейла менен Ариф Юнустун соту башталып, биринчи соттук иш 27-июлга белгиленди. Алар тыңчылык жана бир канча экономикалык кылмыштар боюнча айыпталууда. Эрди-катын былтыр жайында камакка алынгандан бери бүгүн биринчи жолу сотто көрүштү. Азербайжандагы белгилүү укук коргоочу, 59 жаштагы Лейла Юнус былтыр июлда, 60 жаштагы күйөөсү Амри Юнус андан бир айдан кийин, августа камакка алынган эле.

Өлкөнүн башкы прокуратурасы жубайлар Азербайжанга кошуна жана кас өлкө - Арменияга жашыруун маалыматтарды берүүгө аралашканын билдирген. Укук коргочу жубайлар өздөрүнө тагылган мындай айыптарды саясий негизде деп четке кагып келет.

Сотто адвокаттар далилдер жок болгондуктан ишти токтотууну, жок дегенде ден соолугу начарлаган түгөйлөрдү үй камагына чыгарууну өтүндү. Бирок сот мындай өтүнүчтөрдүн баарын четке какты.

Лейла Юнус бийлик каттоодон өткөрбөй койгон Бакудагы Тынчтык жана демократия институтунун негиздеп, аны жетектеп келген. Күйөөсү Ариф Юнус тарыхчы жана Кавказдагы чыр-чатактарды изилдеп жүргөн окумуштуу катары белгилүү. Изилдөө иштеринде негизинен армяндар байырлаган Тоолуу Карбахтагы чатакка да көңүл бурган. Тоолуу Карабахта 1990-жылдагы согуштан бери маселе чечилбей, ошондон бери Азербайжан менен Армения ортосундагы абал жакшы эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG