Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Муринодо мерт кеткен кыргыздардын тек-жайы такталды


Орусиянын Ленинград облусуна караштуу Мурино конушунда жумуш учурунда мерт кеткен эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине жиберилет. Ал үчүн бардык чыгымды алар иштеген “ПетроСтрой” компаниясы көтөрөт. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилиги кабарлады.

Маркумдардын тек-жайы такталды. Бири Оштун Кара-Кулжа районунун тургуну 34 жаштагы Майрамбек Айылчиев, экинчиси Кара-Суу районунан барган 19 жаштагы Дамир Токтосунов. Ошондой эле 35 жаштагы Уланбек Зулпуев Санкт-Петербург шаарындагы ооруканада оор абалда жатат.

15-июль күнү алар жаңы курулуп жаткан имараттын 6-кабатынан түшүп кетишкен. Ага курулуш каражаттарындагы техникалык мүчүлүштүк себеп болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG