Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Айт намазы таңкы 6:10до башталат


Быйыл айт намаз 17-июлда эски Ала-Тоо аянтында таңкы саат 6дан 10 мүнөт өткөндө башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын сайтында кабарланды.

Программага ылайык, 6:20дан 7ге чейин дин тууралуу маселелер, баяндар айтылат. Ал эми 7 жарымга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев шарият маселелеринен, Рамазан айы туурасында баяндама жасайт.

Андан кийин бийлик өкүлдөрүнө куттуктоо сөздөрү үчүн 15 мүнөт берилет.

Айт намазы 7:45те окулуп, 8:00дө аяктайт.

XS
SM
MD
LG