Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Грек парламенти Евробиримдик талап кылган реформаларды колдоду


Бейшемби күнү эртең менен грек мыйзам чыгаруучулары өлкө 86 миллиард евро насыя алуу үчүн кредиторлор каржылык жана экономикалык чараларга барышын талап кылган мыйзам долбоорлордун пакетин кабыл алды.

Ал үчүн 300 депутаттын 229у колдоп добуш берди. Башкаруучу “Сириза” партиясындагы 149 депутаттын 39у каршы болду. Жаңы насыяларды алуу үчүн кредиторлор грек өкмөтүнө салыктарды көбөйтүү, мамлекеттик чыгымдарды азайтуу жана пенсия курагын көтөрүү шарттарын койгон.

Кредиторлордун бул шарттарына караманча каршы болуп келген премьер-министр Алексис Ципрас акыркы маалда пикирин өзгөртүп, депутаттарды мыйзам долбоорлорун колдоп берүүгө чакырган. Ал "эгер шарттарды кабыл албасак өлкө евроаймактан чыгып, анын арты мындан да оор каржылык жана экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн" деп айткан. Шаршемби күнү парламенттеги талкуулар учурунда имараттын алдында көптөгөн адамдар катышкан нааразылык акциясы өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG