Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Жалалабаддык дыйкандар өкмөттөн жардам сурады


Ноокен районунун Достук айылынын дыйкандары талаадагы жашылчалары базарга өтпөй, кала берүүдө. Айыл тургуну Алмакан Давлетова 10 тонна помидорун кардар жоктугунан улам жол жээгинде таштоого мажбур болгон.

"Мен сыяктуу түшүмүн сата албай, убара тарткан дыйкандар жүздөп саналат. Борборго алып барсак жалаң Өзбекстан менен Тажикстандын жашылчалары ээлеп, жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн дыйкан базарларга киргизүүгө тоскоолдуктар болууда. Талаада чирип, бекер алып кеткен да адам жок. Өкмөт чет өлкөдөн келген жашылчаларды чектесе жергиликтүү дыйкандарга жеңил болмок", - дейт Давлетова.

Ал эми Достук айылдык аймагынын башчысы Замир Мамасадыков быйыл дыйкандар Бажы биримдигине үмүт артып, жылдагыга караганда жашылчаларды көп эккенин белгилеп, өкмөт чек арага көзөмөлдү күчөтсө жакшы болмоктугун айтат.

Аймакта азыр 100 тоннадан ашык помидор, бадыраң жана коон талаада зыянга учуроодо. Быйыл облус аймагында 5 миң гектардан ашык аянтка жашылча эгилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1200 гектарга көп. (МТо)

XS
SM
MD
LG