Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Токтогулдун жаңы акими шайланды


Бүгүн райондогу жергиликтүү кеңештин 167 депутатынын катышуусунда район акимин шайлоо өттү. Ага акимдин милдетин аткарып келаткан Майорбек Сатымкулов жана райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Борбуевдер талапкерлигин коюшкан. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Майорбек Сатымкулов район акими болуп шайланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.

Мурдагы аким Токтосун Барманов өз арызы менен 1-июнда кызматтан кеткен. Жаңы шайланган аким премьер-министрдин буйругу чыккан соң кызматына киришет. (RsK)

XS
SM
MD
LG