Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Порошенко Донбасстын өзгөчө макамы боюнча долбоорду парламентке сунуштады


Украин маалымат каражаттарынын жазышынча, президент Порошенко Донбасстын макамы боюнча Конституцияга киргизилген өзгөртүүнү эл аралык басымдын алдында дагы кайра толуктап, иштеп чыккан.

Украина президенти Петро Порошенко Донбасстын өзгөчө макамын караган Конституцияга киргизилген өзгөртүүнү Жогорку Радага экинчи ирет киргизди.

“Украинская правда” басылмасынын жазышынча, буга чейин Донецк жана Луганск облустарынын макамын атайын мыйзам менен кароо сунушталса, бул сапар ал Конституциянын өзүнө жазылат. 16-июлда Жогорку Рада бул маселени күн тартибине киргизүү жана Конституциялык соттун кароосуна берүү үчүн добуш беришет.

“Украинская правда” басылмасынын айтышынча, президент Петро Порошенко бул толуктоолорго АКШ Мамлекеттик департаментинин Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Викторией Нуланд менен жолуккандан кийин барган. Муну Жогорку Раданын вице-спикери Оксана Сыроед да тастыктады.

“Ушул сааттарда жана мүнөттөрдө “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” Конституцияда өзгөчө макамга ээ болуусу үчүн депутаттарга эл аралык коомчулук тарабынан чоң кысым болууда” деп жазды Оксана Сыроед Фейсбуктагы баракчасына.

Буга чейин Киев Донецк жана Луганск облустарына өзгөчө макам берүү Конституцияга киргизилбеши керек, ал атайын мыйзам менен гана аныкталат деп келген.

XS
SM
MD
LG