Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш ооруканага түштү


АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун улуусу бейшемби күнү эртең менен моюн омурткасын кокустатып алып, ооруканага түштү. Ал Мэн штатындагы дачасында жүргөндө кулаган жана айыкканча моюн корсетин кийип жүрмөкчү. Бул тууралуу анын маалымат катчысы билдирди.

Экс-президент Мэн штатындагы жубайы Барбаранын ысымындагы балдардын Портленд медициналык борборуна жаткырылган. Оорукана кызматкерлеринин айтымында, Буштун абалы туруктуу, бирок ал качан ооруканадан чыгарыларын айтуу азыр эрте.

Жорж Буштун улуусу 1989-1993-жылдары АКШнын президенти болгон. Ал 91 жашта жана көзү тирүү АКШ президенттеринин ичинен эң карысы.

XS
SM
MD
LG