Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Бишкек мэри Испаниянын шаар башкаруу тажрыйбасы менен таанышты


Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Испаниянын Барселона шаарынын вице-мэри Антони Вивес Томас жана SCDA Байкоочу кеңешинин төрагасы Кирилл Мещеряков менен жолугуп, шаарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушууда испан тарап шаардык инфраструктураны башкаруу тармагындагы заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба бөлүштү. Ошондой эле ноябрда өтүүчү Эл аралык конгресске катышууну сунуштады.

"Бишкек жөнүндө дүйнөгө маалымат жеткириш керек. Биз сиздерге жардам берүүгө даярбыз", - деди Антони Вивес Томас. (МТо)

XS
SM
MD
LG