Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Нарымбаев кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу арызын жазды


Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев өзүн парламент депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши териштирилип бүткүчө кызматтан алууну өтүнүп, арыз жазды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

“Кормазовдун ишин иликтөөгө жана маалымат каражаттарындагы менин кармалуум тууралуу маалыматтарга байланыштуу бул ишке катыштыгым жоктугун билдирем. Буга байланыштуу тергөө ишмердигине кийлигишет деген күмөн саноолорду жокко чыгаруу үчүн мени тергөө жүргөн убакта кызматтан бошото турууңузду өтүнөм” деп жазылат Нарымбаевдин арызында.

Президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев арыз келип түшкөнүн, жакынкы күндөрү караларын билдирди.

Кечээ, 16-июлда парламент депутаты Х.Коркмазов камактагы депутат Н.Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Айрым маалымат каражаттарында бул ишке Нарымбаевдин тиешеси бардыгы айтылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG