Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:02

Туристтердин уурдалган велосипеди табылды


Британиялык Маркус Мамфорд жана жубайы Кристи Мамфорддун велосипеди табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

14-июлда Жайыл РИИБине кой жайып жүрүп, Ош-Бишкек жолунун жээгинен велосипед таап алганын айтып, жергиликтүү тургун аны милицияга таштап кеткен.

Окуя 12-июлдун түнүндө турист жубайлар эс алууга токтогон учурда велосипедин уурдатып жиберишкен. Орто жаштагы жубайлар “Азаттыкка” кайрылып, алар үчүн бул велосипед жөн гана унаа эмес, жашоосунун символуна айланганын айтышкан. Себеби аны менен Америка, Жаӊы Зеландия, Канада, Түркия, Азербайжан жана башка өлкөлөрдү кыдырышып, 70 миӊ чакырымдай жол басышкан.

Кыргызстанга алар 26-июнь күнү Тажикстандын чек арасынан киришкен. Бизден чыгып жубайлар Индияга сапар алышмак. (МТо)

XS
SM
MD
LG