Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевди убактылуу кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бүгүн Нарымбаев парламент депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши териштирилип бүткүчө өзүн кызматтан алууну өтүнүп, президент Атамбаевге арыз жазган. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди.

16-июлда парламент депутаты Хажимурат Коркмазов камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Айрым маалымат каражаттары бул ишке Нарымбаевдин дагы тиешеси бар деп жазып чыгышкан. Нарымбаев кечээ түштөн кийин журналисттерди жыйып, депутат Коркмазов кармалган ишке тиешеси жоктугун айткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG