Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Согушкерлерге каршы операция аяктады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Бишкекте эл аралык террордук топтун өкүлдөрүн кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, төрт согушкерди өлтүрдү. Атайын кызматтын төрт кызматкери жараат алып, ооруканага түштү. Жай тургундар арасында курмандыктар жок экенин аталган мекемеден билдиришти.

Окуяга көз салып турган кабарчыбыз беш согушкер кармалганын маалымдады.

Атышуу баш калаанын Горький жана Панфилов көчөлөрү кесилишкен жерде бүгүн кечки саат 6:30дарда башталып, бир сааттан ашуун убакытка созулду. Окуя учурунда бир үй өрттөлүп, учурда ал жерде өрт өчүргүчтөр иштеп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG