Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Cоңку беш жылда парламенттин 14 депутатына кылмыш иш козголгон


Жогорку Кеңештин соңку чакырылышындагы депутаттардын ичинен 14үнө кылмыш иши козголгон. Алардын сап башында “Ата-Журт” фракциясынын өкүлдөрү турат. Тагыраак айтканда, 8 “атажуртчу” мыйзам бузганы үчүн сурак берип, айрымдары соттолгон. “Республика” фракциясынын 4, “Ар-Намыстын” 2 депутатынын аты-жөнү күч органдарынын кылмыш каттоочу дептерине жазылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Алардын төртөө мандатынан ажыратылса, калгандырынын иши тергелип бүтө элек. Айрымдарынын иши кыскартылган.

Азыркы Жогорку Кеңештин курамы 2010-жылы шайланган. Быйыл күздө мөөнөтү аяктайт. "Азаттык" 20-июль күнү “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү аркылуу парламенттеги беш фракциянын ишмердигине арналган атайын иликтөөнү сунуштайт. (SE)

XS
SM
MD
LG