Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Порошенко: Конституцияга өзгөртүү киргизүү Донбасска өзгөчө макам бербейт


Жогорку Раданын депутаттары бүгүн президент Петро Порошенконун децентрализация боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү жобосуна добуш берди.

Украин президенти Петро Порошенконун парламентте айтышынча, децентрализация коргоо, улуттук коопсуздук, тышкы саясат, жарандардын конституциялык укуктары жана эркиндиктери чөйрөлөрүнө тиешеси жок.


- Бул мыйзам долбоору айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай, Донбасска өзгөчө укук бербейт. Бул Донецк жана Луганск облустарынын жергиликтүү башкаруу органдарына гана айрым укуктарды берет. Ал өзүнчө мыйзам менен аныкталат.

Порошенко мындай долбоорду 15-июлда Киевде АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Виктория Нуланд менен жолуккандан кийин улуттук парламентке жөнөтүүнү чечкен.

Кошмо Штаттар, Франция жана Германиянын жетекчилиги буга чейин да Порошенкого кайрылып, Минск келишимине ылайык, Донбасстын өзүн өзү башкаруусун камсыздоо үчүн Конституцияга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чакырышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG