Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Айт намаз учурунда эсин жоготкон адамдын абалы жакшы


Айт намазы учурунда эсин жоготуп, кулап түшкөн адамдын абалы жакшы. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкектеги тез жардам кызматынын башкы дарыгери Майрам Утурукеева билдирди.

Анын айтымында, орто жаштагы адамдын кан басымы күндүн ысыганда төмөндөп кеткен.

"Ысыктын күнүндө орозо туткандар тамак, суу ичпейт эмеспи. Ошондон улам кан басымы төмөндөп, башы айланып кулап түшкөн. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө кетти", - деди Утурукеева. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG