Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Кыргыз өкмөтү АКШ менен кызматташуудан баш тартарын билдирди


Кыргыз өкмөтү АКШ Мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго “Адам укугунун коргоочусу” сыйлыгынын берилишин катуу сындаган билдирүү таратты. Билдирүүдө кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтү менен 1993-жылы кол коюлган өз ара кызматташуу келишиминен бир тараптуу чыгуу ниети айтылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Мындан мурдараак Тышкы иштер министрлиги Аскаровго аталган сыйлыктын берилиши көптөгөн суроолорду жаратарын белгилеп, Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында улут аралык кастыкты козутууга, адам өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою абакка кесилгени белгиленет.

Мындан улам ага жогорку деңгээлдеги сыйлыктын берилиши Кыргызстандагы этностор аралык ынтымакты жана тынчтыкты бекемдөөгө каршы аракет деп сыпатталат.

Ал эми Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар жана укук коргоочулар Аскаровго чыгарылган чечимди адилетсиз деп баалап келет.

АКШ элчилигинен кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсү тууралуу расмий кат келе электигин, бул боюнча эс алуу күндөрүнөн кийин, дүйшөмбүдөн тарта бере тургандыктарын билдиришти. (МТо)

XS
SM
MD
LG