Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Грецияда банктар кайра ачылат


Үч апталык тыныгуудан кийин грек банктары 20-июлда кайра ачылат. Бирок кардарлар банкоматтардан башка жерден акча ала алышпайт. Греция финансы министринин орун басары Димитрис Мардас банктардын кардарлары накталай акча сала аларын, бир эсептен экинчисине акча которо аларын, бирок накталай акча алууга чектөөлөр дале сакталарын билдирди. Кардарлар мурдагыдай эле күнүнө 60 евро гана нак акча ала алышат. Мардас өкмөт кардарлар банкоматтан мындан көбүрөөк акча алууга жетишүүсү үчүн иштеп жатканын кошумчалады.

Банктар Европанын борбордук банкы Грецияны чукул каржылоонун көлөмүн көбөйткөнүн билдирген соң кайра ачылууда.

XS
SM
MD
LG