Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Террорист деп атылгандардын бири кримтөбөл экени айтылууда


УКМКнын террорчулукка каршы чабуулунда атылгандардын бири атбашылык кримтөбөл “Тоха” каймана аттуу Тариэл Жумагулов. Бул тууралуу анын Ача-Кайыңды айылындагы атын атагысы келбеген жакыны “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Жумагуловдун туугандары боз үй тигип, сөөгүн алып кетүүгө камынууда. Бирок тиешелүү кызматтар анын сөөгүн берише элек.

Ал эми УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов азырынча бул боюнча маалымат бере албасын, тергөө жүрүп жатканын, жыйынтыгында тек-жайы такталарын билдирди.

Кечээ кечинде Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда террористтерди кармоо операциясы болуп, УКМКнын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлүп, жетөө кармалган. (МТо)

XS
SM
MD
LG