Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Каттоого турбаган мигрант Орусиядан чыгарылат


Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

Орусиянын аймагына кирген чет элдик жарандар жашаган жериндеги жергиликтүү миграциялык органдарга кайрылып, каттоого турууга милдеттүү.

Ал эми мыйзамдуу каттоого турбастан, ортомчу ишканалардын кызматын колдонгон кыргызстандыктар Орусияда “мыйзамсыз жүргөн мигрант” катары таанылып, өлкөдөн беш жылга чейин чыгарылат.

Алмаз Касымов Москвада эки бөлмөлүү батирди 40 миң рублга ижарага алып, үч үй-бүлө жашап жатканын айтат. Батирдеги төртөө гана расмий каттоого уруксат алышкан, калгандары болсо каттоого турууну ортомчу ишканалар аркылуу бүтүрүшкөн.

Ушул тапта Алмаз Касымовго батирге катталбаган адамдарды жашатканы үчүн сот жообуна тартылып, 30 миң рубл айып салынган. Ал эми калган тургундар миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Орусиядан депортацияланууда.

- Мен үй ээсине айына 40 миң рубл төлөчүмүн. Эки бөлмөлүү батирде үй-бүлөм, дагы эки үй-бүлө жашачубуз. Биз жашаган жерибизде кармалганбыз. Ал жакта суракка алынып, кийин сот болду. Сотто мага Орусиянын Кылмыш кодексинин 322.1-беренеси боюнча иш козголгон. Анан мага 30 миң рубл айып тагылды. Берки төртөөнү миграциялык мыйзамдарды бузгансыңар деп, чет элдик жарандар кармоочу жайга алып кетишкен. Эми аларды депортациялоодо.

Орусияда чет элдик жарандар каттоого туруу үчүн батир ээси менен расмий келишим түзүшү керек. "Бирок мындайга бардык эле үй ээлери макул болбойт" дейт кардарларга батир табууга жардам көрсөткөн “Даймонд Сити” агенттигинин кызматери Тахмина Абдиназар кызы. Бир жагынан акчасын үнөмдөөнү көздөгөн мигранттар бир-эки бөлмөлүү батирде он адамга чейин жашап жатканы да буга себеп.

- Батирлердин ээлери негизи эле азиат түспөлүндөгү жарандарды киргизүүнү көп каалашпайт. Алар эки бөлмөлүү батирде үч-беш адамдын жашоосуна гана уруксат беришет. Он адамга чейин макул болгондору да кездешет. Бирок андайлар аябай аз, ижарага бергендердин 10% гана десек болот. Үй ээлери келишим боюнча сүйлөшүлгөн адамдарды гана каттоого тургузушат. Анан кожоюндарга билгизбей дагы башка адамдарды киргизип алган квартиранттар болот.

Үй ээси менен макулдашып каттоого туруу кыйын болгондуктан, оңой жолун издегендер жеке бирөөлөрдүн кызматтарына кайрылышат. Мындай каттоо 1500 рублга бир күндө эле колго тиерин Улан аттуу кыргыз жараны айтып берди. Бирок документтин мыйзамдуулугуна эч кандай кепилдик жок, анын кийинки кесепеттери үчүн ишкана жооп бербейт.

- Каттоону биз бир күндө жасап беребиз. Көчөдө полиция токтотсо, эч нерсе дей алышпайт. Федералдык миграциялык кызматтын базасында каттоосу чыгат. Бирок полициялар квартирага кирип текшерип калышса, жарандар өздөрү жооп бериши керек.

Юрист Вадим Захаряев жеке ишканалардын кызматтарын колдонгон жарандар өздөрүн кооптуу абалга кептеп жатканын айтты:

- Жеке ишканалар жасап берген “каттоо” Орусиянын чет элдик жарандардын жашаган жери боюнча каттоого туруусу жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга толук жооп бербейт. Жарандар белгисиз бир жерде катталып, бирок иш жүзүндө башка жерде жашаса – миграциялык мыйзамдарды бузууга жатат. Ал үчүн Орусиянын Административдик кодексинин 18.8-беренеси боюнча жарандар Орусиядан чыгарылат. Ал эми мындай каттоосу бар адамдарды квартирага жашоого алган жарандар Орусиянын Кылмыш кодексинин “мыйзамсыз миграция уюштуруу” беренеси боюнча жоопко тартылууда.

Ошол эле маалда юристтер мигранттардын тандоо укугу барын да танышпайт. Бул үчүн каттоого тургузууга макул эмес кожоюндардын батирин ижарага алуудан баш тартуусу керек.

20-июлдан тарта мамлекеттер ортосундагы макулдашууга ылайык Орусияда жүргөн кыргызстандык жарандар 30 күнгө чейин миграциялык каттоого туруу милдетинен бошотулат. Бул мөөнөттөн кийин кыргызстандык жаран жашаган жери боюнча Федералдык миграция кызматынын каттоосуна турушу керек.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG