Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Крымды аннексиялоого каршы орус депутаты сыртынан соттолду


Илья Пономарев
Илья Пономарев

Москванын Басман соту бүгүн Мамлекеттик Думанын депутаты, учурда АКШда жүргөн Илья Пономаревду "Сколково" фондундагы каржылык чатак боюнча айыптап, сыртынан соттоду. Ага 7-июлда эл аралык издөө жарыяланган.

Тергөөчүлөр Пономаревду 2010-жылы "Сколково" фондунан 22 миллиондон ашык рубль уурдаган деп айыптаган.

Илья Пономарев Мамлекеттик Думада Орусия Крымды аннексиялоосуна каршы чыккан жападан жалгыз депутат. Өзүнө тагылган айыпты депутат саясий куугунтук катары баалап келет.

XS
SM
MD
LG