Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Бундестаг өкмөткө Греция менен сүйлөшүүгө макулдук берди


Германия -- Депутаттар Греция менен сүйлөшүүгө уруксат берүү боюнча добуш берүүдө. Берлин, 17-июль, 2015.

Германия -- Депутаттар Греция менен сүйлөшүүгө уруксат берүү боюнча добуш берүүдө. Берлин, 17-июль, 2015.

Германия парламентинин депутаттары бүгүн Афиныга финансылык жардам көрсөтүүнүн үчүнчү пакети боюнча Греция менен сүйлөшүүгө немис өкмөтүнө уруксат берүүнү көпчүлүк добуш менен жактырды.

Анын алдында евроаймакка кирген өлкөлөрдүн башчылары Грецияга насыя берүү планы боюнча алдын-ала макулдашууну бекиткени белгилүү болгон. Анын жалпы суммасы 86 миллиард евро.

ЕБдагы Грециянын ири кредитору - Германия бул жардамга жооп катары мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын кыскартууну жана салыктарды көбөйтүүнү талап кылууда.

Греция ошондой эле жаңы жардам боюнча макулдашуулар учурунда өлкө экономикасын кармап туруу үчүн 7 миллиард евро өлчөмүндө бридж-кредит алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG