Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кыргыз тилин сүйүп окуйм


Мен Сапарбек кызы Бермет, алыскы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебин быйыл бүтүрдүм. Өзгөчө акыркы жылым толгонуу, ойлонуу менен гана өттү. Оюмдун баары окууга кандай тапшырам, канчалык деңгээлде тазалык, чындык бар деген суроолордун гана тегерегинде болду. Бардык классташтарыбыз ушуну гана сүйлөшүп калганбыз. Кызык жери көбү баллым жеткен жакта окуйм да десе, айрымдары тааныштарыбыз иштеген факультетте окуйбуз дешчү. Ал эми 110дон аз алгандардын шагы сынды, томсорушту.

Бирок мен кандай болсо да кыргыз тили жана адабияты боюнча адис болом деп чечип койгом. Себеби, кыргыз болуп туулганыма сыймыктанам, кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө келечекте колумдан келишинче салым кошкум келет.

Айылдарда анча байкалбайт, борбор калаабызга келген сайын маанайым түшүп кетчү. Англис, орус жана башка тилдердеги жарнамалар абдан көп, сөзсүз түрдө кыргызчасын да жаздырган талап болсо деп ойлонуп калам. Кээ бир жарнамалар эки тилде берилет экен, анысы жакшы, бирок котормолордун мааниси бурмаланган же грамматикалык жактан катасы көп. Сөзүм кургак болбошу үчүн бир мисал келтирейин, 10-класста окуп жүргөндө Бишкекке келип, Ош базарынан Кызыл-Аскерди көздөй кетип баратып бир жарнама көрдүм, анын жарнамасында орусча «Отдыхай со вкусом» деп берилсе, аны «Эс алсаң эсиң менен» деп кыргызча которушуптур. Таң калып өтүп кеттим. Мындай одоно каталар миндеп саналат. Ошондо эле, кийин кыргыз тили факультетин аяктап жатканда дипломдук ишимди "Бишкек шаарындагы жарнама, билдирүүлөрдүн кыргызча берилиши, тилибиздин азыркы абалы, келечеги кандай болот?" деген темада жазсам деп кыялданып койгом. Ошону менен бирге «Келечекте өз кесибин жакшы билген мыкты адис гана коомго пайда алып келе алат» деген болочоктогу агайымдын мактоосу кулагыма жаңырып турду.

Кыргызстанда кайсы гана кесип болбосун өтөсүнө чыга алсаң абдан маанилүү. Бирок тилекке каршы дагы эле экономика, юриспруденция жана чет тилдерине кызыгуу арбын. Кесиптин чыныгы ээси болуу үчүн бюджет болобу, контракт болобу өзүбүз каалаган кесипке ээ болушубуз керек. Тилекке каршы акча же тааныштын күчү менен бир кесипке ээ болуп, бирок чыныгы жашоого келгенде ал кесиби боюнча иштей албай, кайра эле бир таанышы менен жумушка кирип, ал жаңы жумушуна туура келген кесипке ээ болуу үчүн кайрадан сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, же биринчи кесибинен жок, же экинчи кесибин жакшы билбей чала адис болуп калууда. Убактыбызды, акчабызды да уттуруп, аягында чала адис болуп калып жатабыз. Бул абдан чоң маселе!

Шаарга келип, университтерди кыдыруу учурунда коомдук транспорттордогу адамдардын бири-бирине болгон орой мамилелерине капа болдум. Эс алуу парктарындагы жаштардын кыргыз тилинде чала сүйлөгөнүнө таң калдым. Эң кызык окуялар университеттердин босоголорун аттап кирип, рейтингдерди карап жүргөн кезде башталды. Сертификатымды колдон талашып, "бул жакка тапшыр, 10 миң эле берсең өтөсүң, гарантия береби"з деп сырттан тосуп алган жаш агайларды көрүп, ыза болдум, ирээнжип да кеттим. Коррупция деген сөздү көп уксам да, эми даана түшүнгөндөй болдум. Таза жан дүйнө менен келип, келечегибизди курчу убакыт келди деп жаткан маалда мындай көрүнүш мени абдан капа кылды.

Ушундай көрүнүштөргө кабылсам да өзүм каалаган Арабаев атындагы университеттин кыргыз тили жана адабияты факультетинин бюджеттик бөлүмүнө өттүм. Документтеримди тапшырып жатып, ал жердеги эжекелердин куттуктоосун, жакшы каалоолорун угуп, кайрадан кайраттана түштүм. Сыртка чыксам асман ачык, айлана ажарлуу көрүндү. Баары бир тазалык бар экен, жеңет экен деген ой келди.

Эми менин алдымда абдан жакшы окуу, мыкты кесип ээси болуу турат. Ишенем ага жетем. Кыргызстандын келечегине ар бир адис, анын ичинде мен өз салымыбызды кошсок, сөзсүз өнүккөн мамлекет болобуз! Бардык жаңы студенттерге ак жол, таза жан дүйнө жана мыкты адис болушун каалайм!

Бермет Сапарбек кызы

XS
SM
MD
LG